Израилдин Батыш Шериадагы провокациялары...

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына караганда Тул-Керимдеги Сабит ооруканасы билдиргендей, Израилдин учкучсуз учуучу аппаратынан атылган ракетага кабылган 3 палестиналык жаштын каза болгонун жарыялады.

2064160
Израилдин Батыш Шериадагы провокациялары...

Батыш Шериадагы Тул-Керим качкындар лагеринде Израилдин учкучсуз учуучу аппаратынан атылган ракетанын натыйжасында дагы 3 палестиналык каза болду.

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына караганда Тул-Керимдеги Сабит ооруканасы билдиргендей, Израилдин учкучсуз учуучу аппаратынан атылган ракетага кабылган 3 палестиналык жаштын каза болгонун жарыялады.

Тул-Керимге атайын күчтөр менен кол салган Израиль аскерлери менен палестиналык жаштардын ортосунда катуу кагылышуулар болду. Аймактагы үйлөрдүн чатырларына жайгаштырылган снайпер Израиль аскерлеринин палестиналыктарга ок чыгарганы, каза болгондордон тышкары дагы 4 жаштын снайпердик октордон ар кандай түрдө жараланганы белгиленди.

Бир тараптан Израиль аскерлеринин жаралууларды ооруканага алып баруу үчүн аймакка келген тез жардам унааларына тоскоол болуп, катуу издөөдөн кийин жаралууларга жетүүгө уруксат бергени белгиленди.

Ооруканага алып барып дарыланууну каалаган жаралуу палестиналыктын израилдик аскерлер тарабынан тез жардам унаасынан күч менен чыгарылып кармалганы да баса белгиленди.

Үйлөргө жана ар кандай пункттарга рейддер уланып жатканда, бульдозерлер аскерлердин коштоосунда аймакка келип, Тул-Керим качкындар лагеринин кире беришиндеги аль-Медарис көчөсүн казып, инфраструктурага чоң зыян келтирди. Курулуш техникасы шаардагы Кудс университетинин бир тарабын да талкалады.

Тул-Керим качкындар лагериндеги Ислам жана улуттук каршылык көрсөтүү топтору шаарда жалпы иш таштоо жарыялашты.

Израил аскерлери Батыш Шериадагы Эль-Халил шаарынын чыгышындагы Бейт Айнунга жакын жерде дагы бир палестиналыкка ок чыгарып, жигиттин өлүмүнө себеп болду.

Ошентип 7-октябрдан бери Батыш Шериада Израиль күчтөрү жана жөөт отурукташкандары тарабынан өмүрү кыйылган палестиналыктардын саны 193кө жетти.

Өткөн түнү Израиль аскерлери Кудста жана Эл Халил, Рамалла, Калкилья, Женин жана Бейтуллахим шаарларында палестиналыктардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүштү.

Израиль күчтөрү рейд учурунда 2си бала болгон 31 палестиналыкты кармап кетти.

Израилдин Батыш Шериада 7-октябрдан бери кармаган палестиналыктардын саны 2570ке жетти.



Тектеш кабарлар