Газада чатырлар суу астында калды

Баш калкалаган мектептин короосуна тиккен чатырларына кирген сууну чака жана шыпыргы менен агызууга аракет кылган палестиналыктар жардам колун күтүүдө.

2064311
Газада чатырлар суу астында калды

39 күндөн бери Израилдин катуу бомбалоосуна кабылган блокададагы Газа тилкесиндеги жагымсыз аба ырайы жашоону ого бетер кыйындатты.

Аймакта катуу шамал жана жамгыр кол салууларда үйлөрү кыйраган палестиналыктар баш калкалаган чатырларды кулатты; кээ бирлеринде суу ташкынына алып келди.

Баш калкалаган мектептин короосуна тиккен чатырларына кирген сууну чака жана шыпыргы менен агызууга аракет кылган палестиналыктар жардам колун күтүүдө.

Палестинанын мамлекеттик телеканалы, Газа тилкесинин түштүгүндө палестиналык үй-бүлөнүн чатырда жашаганын чагылдырган кадрларды көрсөттү.

Башынан өткөргөн оор абалды түшүндүрүүгө аракет кылган палестиналык аял: «Чатырдагы бардык нерсе суу болуп калды. Жада калса балдардын кийимдери да. Түндүк тараптагы үйлөрүбүздөн үстүбүздөгү кийимибиз менен чыкканбыз. Алмаштырып кийүүгө башка кийимибиз жок»,- деди.

Балдардын нымдуу кийимдеринен улам ооруп калуусунан корккондугун билдирген палестиналык аял, үстүндөгү жабууларынын да суу болуп калганын айтты.

Хамастын куралдуу канаты Изз ад-Дин аль-Кассам бригадалары 7-октябрда «Израилдин палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Акса мечитине карай тынымсыз мыйзам бузууларына жооп кайтаруу» деген негиз менен кеңири чабуулду, Израил армиясы да Газа тилкесин абадан бомбалоону баштаган.

Израиль 7-октябрдан бери 46сы Газа тилкесиндеги кагылышууларда, 6сы түндүктөгү Ливан чек арасында болуп 365и аскер 1200дөн ашуун израилдиктин каза тапканын жана 5132 кишинин жараланганын билдирди.

Израилдин маалыматына караганда, Кассам бригадаларынын колунда 239 израилдик туткун бар.

Израилдин кол салууларынан Газада каза болгондордун саны 11 миңден ашты.

Батыш Шериа жана Кудста да Израиль аскерлери менен жөөт отурукташуучулары 196 палестиналыкты өлтүрүштү.



Тектеш кабарлар