Америкалык учак Жер Ортолук деңизге кулап түшүп 5 адам каза болду
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Европа командирлиги (EUCOM) 10-ноябрда аскердик машыгуунун алкагында пландуу абадан май куюу учурунда Жер Ортолук деңизге кулаган америкалык аскердик учактагы 5 кызматкердин каза болгонун жарыялады.
Жер ортолук деңизге кулаган америкалык аскер учагындагы 5 кызматкер каза болгону кабарланды.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Европа командирлиги (EUCOM) 10-ноябрда аскердик машыгуунун алкагында пландуу абадан май куюу учурунда Жер Ортолук деңизге кулаган америкалык аскердик учактагы 5 кызматкердин каза болгонун жарыялады.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Европа командирлигинин (EUCOM) билдирүүсүндө, «АКШнын аскердик учагы аскердик машыгуунун алкагында кадимки абадан май куюу миссиясы учурунда Жер Ортолук деңизине кулап түштү. Борттогу 5 аскер кызматкери тең каза болду»,-деп айтылды.
Билдирүүдө окуядан кийин дароо эле жакын жердеги америкалык аскерий учак жана кемелердин катышуусунда издөө-куткаруу иштеринин башталганы, иликтөөнүн уланып жатканы белгиленди.
Израилдин Газага кол салууларынын башталышынан кийин АКШ армиясы Жер Ортолук деңизге эки учак конуучу кемеси менен бирге интенсивдүү жайгаштырууларды жасап, аймакта машыгууларды баштаган.