ИКУ жана Араб лигасынын биргелешкен декларациясы жарыяланды

Саммиттен кийин жарыяланган биргелешкен декларацияда Палестинада кыргындын токтотулушу жана Израилдин кол салууларынын согуш кылмыштары экени боюнча макулдашылды.

2063347
ИКУ жана Араб лигасынын биргелешкен декларациясы жарыяланды

Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда кечээ өткөрүлгөн «Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) менен Араб Лигасынын кезексиз биргелешкен саммитинен» кийин биргелешкен декларация жарыяланды.

Саммиттен кийин жарыяланган биргелешкен декларацияда Палестинада кыргындын токтотулушу жана Израилдин кол салууларынын согуш кылмыштары экени боюнча макулдашылды.

Жыйынтыктоочу декларацияда Палестина эли коопсуздукка жана тынчтыкка жетишип, бардык узурпацияланган укуктарына ээ болмоюнча Израиль жана башка бир дагы аймактык өлкөсүнүн коопсуздукка жана тынчтыкка жетише албасы,Израилдин оккупациясын улантуусунун аймактык коопсуздукка жана туруктуулукка жана ошондой эле дүйнөлүк коопсуздук жана тынчтыкка коркунуч туудурары ырасталды.

Декларацияда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынан да кыргынды айыптоо жана аны согуш кылмышы катары таануу сунушталды.

Декларацияда Эл аралык кылмыш сотунун Израиль тарабынан жасалган согуш кылмыштарына каршы тергөөнү аягына чыгаруусу керектиги, ошондой эле бардык мамлекеттерди Израилге курал жана ок-дарыларды экспорттоону тез арада токтотууга чакырды.

ИКУ жана Араб Лигасынын биргелешкен саммитинин Декларациясында Химиялык куралга тыюу салуу уюму Израилдин химиялык курал колдонуусун иликтөөгө чакырып, жардам конвойлорунун Газага кирүүсүн талап кылды.

Декларацияда эл аралык укуктун, эл аралык мыйзамдуулуктун чечимдеринин жана «тынчтык жери» принцибинин алкагында Израилдин Палестина жерлерин, анын ичинде Чыгыш Кудс, Голан дөңсөөлөрү, Ливандын Шиба фермалары, Кафр Шуба аймактарын  жана аль-Мари шаарынын сырткы аймактарын басып алуусун соңуна чыгарышы жана эки мамлекеттик чечимди ишке ашыруу үчүн мүмкүн болушунча тезирээк эл аралык тынчтык конференциясын чакырууга чакырык жасалды.



Тектеш кабарлар