Американын аскердик учагы Жер Ортолук деңизде кулап түштү
Бул тууралуу Башкы кеңсеси Германиянын Штутгарт шаарында жайгашкан АКШнын Европа командачылыгынын билдирүүсүндө орун алды.
10-ноябрда Жер Ортолук деңизинде Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) таандык аскердик учак кулаганы маалымдалган.
Башкы кеңсеси Германиянын Штутгарт шаарында жайгашкан АКШнын Европа командачылыгынын билдирүүсүндө, жума күнү кечинде Чыгыш Жер Ортолук деңизде машыгуу иштерин жүргүзгөн АКШга таандык аскердик учактын кулап түшкөнү белгиленди.
Билдирүүдө кырсыктан жапа чеккен аскер кызматкерлери тууралуу маалымат алардын үй-бүлөсүнө болгон урмат-сый үчүн берилбей турганы белгиленип, кырсыктын иликтенип жатканы, бирок душмандык аракеттерден улам болбогону белгиленди.
Израилдин Газага катуу кол салууларынын башталышынан кийин АКШ армиясы эки учак конуучу кемеси да болгон Жер Ортолук деңизине интенсивдүү жайгаштырууларды жасап, өздөрү түзгөн аба көпүрөсү менен Израилге ок-дарыларды ташып, аймакта машыгууларды баштаган.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.