Россия менен Кытай оболу ок атышпоону андан кийин туруктуу чечүүчү жол табуу пикирин ортого салды

Россия менен Кытай Газада гуманитардык абалга байланыштуу ок атышпоого чакыруу менен  бирге негизги чечүүчү жолго болгон муктаждыкка көңүлдөрдү бурду.

2063270
Россия менен Кытай оболу ок атышпоону андан кийин туруктуу чечүүчү жол табуу пикирин ортого салды

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин эки туруктуу мүчөсү Россия менен Кытай Израиль армиясынын кол салуулары улантылып жаткан Газада чукул түрдө ок атышпоо жана андан кийин туруктуу чечүүчү жолдун табылышы боюнча бирдей пикирди ортого салды. 

Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында болжол менен бир айдын ичинде 7-жолу чогулган БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнөн  Россия менен Кытай Газада гуманитардык абалга байланыштуу ок атышпоого чакыруу менен  бирге негизги чечүүчү жолго болгон муктаждыкка көңүлдөрдү бурду. 

Россияынн БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия Газа тилкесиндеги кризистин "үрөй учуруучу" экендигин айтып : "Палестина аймагында глобалдык өлчөмдө  бир трагедияны ортого чыгарган чыныгы адамзаттык апаат бар. Кагылышуунун күч алышынын кабыл алынгыс экендигин жана коркунучтуу экендигин дагы бир жолу баса белгилейбиз. Бул багытта таштала турган биринчи кадам Израиль  -  Палестина кагылышуу аймагында даро ок атышпоогонун түзүлүшү болоруна ишенебиз",- деди. 

Небензия Палестина - Израиль маселеси чечилмейинче, Жакынкы Чыгышта "туруктуу тынчтыктан үмүттөнүүгө болбой" тургандыгын  билдирди.

Орус өкүл АКШнын Газа тилкесинде ок атышуунун токтотулушуна карата тынчтык демилеглеринин тоскоолдукка учурашы жана "статус - квонун саталышына карата бир тараптуу саясаттын жүргүзүлүшүн" четке кагып бул абалдын : "аймактагы башка потенциал же уйкуда жаткан" кагылышууларды жаратылышы мүмкүн деген эскертүү берди. 

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Израилди Батыш Шериадагы отурукташуучулардын зомбулуктарын токтотууга чакырган Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Жунг да үчүнчү тараптарды «кош стандарттардан» качууга чакырды.

Чжан Жунг : "Тараптарда өзгөчө таасири бар чоң күчтөр менен бирге бардык тараптарга геосаясий ойлорду жана кош стандарттарды четке кагууга жана бардык күч - аракеттерин ок атышууну  жана согуштук аракеттерди токтотууга жумшоого чакырабыз»,- деди. 

"Газада эл аралык гуманитардык укуктун ачык түрдө бузулушунан улам тынчсыздануубузду жана каршы экендигибизди  айтып жатабыз",- деген Жунг жарандарга карата "массалык жазаландыруунун токтотууга" чакырды. 

 



Тектеш кабарлар