Израиль армиясы түнү менен бомбалоону улантты

Израилдин Газага жасаган кол салууларында айрыкча ооруканалар абадан жана жерден жарандарга таандык көптөгөн пункттар бутага алынды.

2063189
Израиль армиясы түнү менен бомбалоону улантты

Израиль аскердик учактарынын Газадагы Шифа ооруканасынын операция жасалуучу бөлүмүн бомбалоосу менен 39 ымыркай каза болду. 

Израиль армиясы түнү бою Газанын түрдүү жерлерин артиллериялык аткылоо менен бомбалоону улантты.

Израилдин Газага жасаган кол салууларында айрыкча ооруканалар, жарандарга таандык көптөгөн пункттар абадан жана жерден бутага алынды.

Палестина маалымат агенттиги  WAFAнын билдиргенине караганда Шифа жана Индонезия ооруканаларынын айлансы менен Газанын түндүк батышындагы Римал, Шейх Рыдван жана Наср маалалары менен Еш  -  Шати качкындар лагеринде жарандар жашаган үйлөр Израиль учактары жана артиллериялык бөлүктөрү тарабынан атылды. 

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министри Шифа ооруканасында реанимацияда кармалган  39 ымыркайдын кычкылтектин жетишсиздигинен каза болгондугун маалымдады. 

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы директору Катарда жайгашкан Aль Жазира телеканалына жасаган билдирүүсүндө : "Шифа ооруканасынын  айланасы 3 күндөн бери үзгүлтүксүз  бомбаланууда. Израиль күчтөрүнүн кургактыктан ооруканага кириши үчүн дээрлик мүнөт сайын  катуу бомбалоо болууда",- деди. 

Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шерианын көптөгөн шаарында түнү тинтүү жүргүздү.

Палестина маалымат агенттиги  WAFAнын кабарына караганда Израиль күчтөрү тинтүү жүргүзгөн адрестердин арасында Женин башта болгон Наблус, Ел  -  Халил, Рамаллах жана Бейтүллахим шаарлары орун алды. 

Жениндин түштүгүндөгү Силе-эз-Захр шаарына жасалган чабуулдарга палестиналыктар ок атуу менен жооп берди. Кагылышуулардын азыр да  уланып жаткандыгы айтылды.

Наблустун түштүк жана чыгышындагы үйлөрдү тинтүү учурунда Израиль аскерлери менен палестиналыктардын ортосунда кагылышуу чыкты.

Ушундай эле тинтүүлөр  Хеброндун Ятта шаарында, Рамалладагы Селезун качкындар лагеринде жана Бетлехемдеги Бейт Фечжар шаарчасында да жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда кармалгандардын бар экендиги билдирилип,  каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок. Кошумчалай кетсек, Батыш Шерианын ар кайсы аймактарында Газаны колдоо үчүн митингдер өткөрүлдү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, саламаттык сактоо системасынын дээрлик толугу менен кыйрашы жана Газа тилкесинин бүтүндөй, өзгөчө түндүк бөлүгүндө кызмат көрсөтүүнүн жоктугу балдардын өмүрүн коркунучка салганы белгиленди. 

Билдирүүдө Рантиси жана Наср балдар ооруканаларынын көптөгөн кол салууга дуушар болгондугу билдирилип, бул ооруканаларда акыркы 24 саатта реанимация жана балдар реанимация бөлүмдөрүнөн башка эч кандай кызмат көрсөтүлбөгөнүнө көңүл бурулду.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7 - октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады.

Буга жооп катары Израиль армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

 



Тектеш кабарлар