Исландияда жанар тоонун жарылышы менен өзгөчө кырдаал жарыяланды

Би-Би-Синин маалыматына караганда, бийлик чукул кырдаал жарыялап, алдын алуу максатында өлкөнүн Гриндавик шаарын эвакуациялоо чечимин чыгарды

2063276
Исландияда  жанар тоонун жарылышы менен  өзгөчө кырдаал жарыяланды

Исландияда удаама-удаа болгон жер титирөөлөрдөн кийин жанар тоонун жарылышына байланыштуу кооптонуулардан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, бийлик чукул кырдаал жарыялап, алдын алуу максатында өлкөнүн Гриндавик шаарын эвакуациялоо чечимин чыгарды.

Исландиянын метеорология бюросу  тарабынан берилген  билдирүүдө акыркы жумаларда айланасында миңдеген титирөөлөр болгон Фаградальфьял жанар тоосунун атылышына байланыштуу тынчсыздануунун бар экени билдирилди.

Билдирүүдө : "Эч кандай коркунуч жок, эвакуациялоо чечими Гриндавиктин тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн профилактикалык иш - чара болуп саналат",- деп айтылды.

4 миң киши жашаган  шаарга кирген бардык жолдор унаалардын кирип - чыгышына мүмкүнчүлүк  түзүү  жана өзгөчө ыкрдаалдар тышында жабылды.

Октябрь айынын акырынан бери Исландиянын түштүк батышында  20 миңден ашуун термелүүнүн болгондугу белгиленди. Аймак  2021 - 2022 жана  2023 -  жылдагы жарылуларга чейин  8 кылым кыймылсыз жаткан. 

 

 

 



Тектеш кабарлар