ДССУ :" Газада эч бир жер жана эч ким коопсуз эмес"
Гебрейесус X социалдык медиа платформасынан Израилдин блокадасы жана катуу кол салуулары астындагы Газадагы абал тууралуу бөлүштү.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Газада эч бир жердин, эч кимдин коопсуз эмес экендигин белгиледи.
Гебрейесус X социалдык медиа платформасынан Израилдин блокадасы жана катуу кол салуулары астындагы Газадагы абал тууралуу бөлүштү.
Шаардагы абалдын оордугуна көңүлдөрдү бурган Гебрейесус : "Газада эч бир жер, эч ким коопсуз эме",- деди.
Эл аралык Кызыл Крест комитети Газадагы ооруканаларга зыян келтирген кыйратуулардын чыдагыс экендигин жана аны токтотуу керектигин белгилеген.
Эл аралык Кызыл Крест жана Кызылай коомдору федерациясынын башкы катчысы Джаган Чапагайн X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө Газадагы Иерусалим ооруканасынын айланасындагы абалдын оор экенин билдирген..
Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7 - октябрда Израилге "Акса топону" аттуу кенен масштабдуу кол салуу баштагандыгын жарыялаган. Израиль армиясы да буга жооп катары аскердик учактар менен Газа тилкесине "Темир кылычтар" операциясын баштагандыгын билдирген.