Түндүк Корея Непалдагы элчилигин да жапты

Пхеньян бийлиги Непалдагы элчилигин жабуу чечимин чыгарды.

2062996
Түндүк Корея Непалдагы элчилигин да жапты

Түндүк Корея кээ бир Африка өлкөлөрү жана Испаниядан кийин Непалдын борбор шаары Катмандудагы элчилигин да жапты.

Йонхаптын кабарында, Пхеньян башкаруусунун Непалдагы элчилигин жабуу чечимин чыгарганы жана Түндүк Кореянын Индиянын борбор шаары Жаңы Делидеги элчилигинин дипломатиялык иш-аракеттерди колго ала турганы белгиленди.

Непал басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Непалдын премьер-министри Пушпа Камал Дахал Прачанданын кеңсеси тарабынан жарыяланган билдирүүдө, Түндүк Кореянын бул чечимди «өзгөрүү приоритети» жана «финансылык кризистин тереңдешине» ылайык кабыл алганы айтылды.

Премьер-министрликтин кеңсеси социалдык тармактардагы өзүнчө билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын Непалдагы элчиси Жо Йонг-мандын 6-ноябрда премьер-министр менен коштошуу иретинде жолукканын кабарлады.

1974-жылы Непал менен дипломатиялык алака түзгөн Түндүк Корея ошол эле жылы Катмандуда элчилигин ачкан.

Түндүк Корея жакында Ангола, Уганда жана Испаниядагы элчиликтерин жаап, элчилерин чакыртып алды.



Тектеш кабарлар