Мария Захарова Израилдин Москвадагы элчиси Бен Цвинин сөздөрүнө каршылык көрсөттү

Захарова Израилдин элчисинин сөздөрүнүн кабыл алынгыс экенин белгиледи.

2062580
Мария Захарова Израилдин Москвадагы элчиси Бен Цвинин сөздөрүнө каршылык көрсөттү

Россия орус жарандарын Газадан эвакуациялоо үчүн 2 жуманын керек экендигин айткан Израилдин Москвадагы элчиси Бен Цвинин сөздөрүнө каршылык көрсөттү. 

Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова басма сөз үчүн өткөргөн брифингде билдирди. Захарова Израилдин элчисинин сөздөрүнүн кабыл алынгыс экенин белгиледи.

Захарова : "Кечээ Москвадагы Израиль элчисинин билдирүүсүн укканда таң калдык. Анын оюу боюнча  эвакуациялана турган орус жарандардын тизмесинин даярдалышы эки аптага созулат. Бул кабыл алынгыс",- деди. 

 



Тектеш кабарлар