Гутерреш Кара деңиз дан коридору тууралуу маалымат берди

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш Кара деңиз дан коридорун жандандыруу аракеттерин улантышкандарын бирок мунун кыйын болорун айтты.

2062398
Гутерреш Кара деңиз дан коридору тууралуу маалымат берди

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш Кара деңиз дан коридорун жандандыруу аракеттерин улантышкандарын бирок мунун кыйын болорун айтты. 

Гутерреш "Reuters Next"  аттуу иш чаранын негизинде уюштурулган бир программага конок болду. 

Украинада чечүүчү жолдун эл аралык укук жана БУУнун Шарттарына ылайык болушу керектигин белгилеген Гутерреш : "Украинанын жеринин бүтүндүгү кепилдикке алынышы керек",- деди. 

Гутерреш : "Бул ишке ашабы, качан ишке ашат билбейм бирок  болушу керек болгон бул. Маселени чече турган күчүм жок бирок үнүмдүн жоопкерчилиги бар, тынчтык түзүлүшү керек",- деди. 

Кара деңиз дан демилгесинин кайрадан жандандыруу  тууралуу Гетерреш : "Биз аракеттерибизди улантып жатабыз бирок Кара деңиз дан демилгесин кайрадан жандандыруу кыйын болот",- деп баа берди. 

Антонио Гутерреш демилгенин жандандырылышынын кагылышкан тараптарга пайда алып келбей тургандыгын айтып : "Негизгиси тараптардын Кара деңизде навигация эркиндигин жактырышы бирок менимче, бул азыр кыялдан башка эч нерсе эмес", - деди.

Гутерреш глобалдык маселелердин чечилишинде БУУнун ролу тууралуу БУУнун бир нече тармакта көп тараптуу келишимге кол коюга себеп болгонлугун белгиледи. 

Баш катчы БУУнун тараптарды жолугуштуруу менен  маселелерди карап чыгуу үчүн маанилүү платформа болууну уланткандыгын баса белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар