Зеленский : "Бүгүн Украина жана Европа тарыхында туура кадам ташталды"
Зеленский социалдык медиа эсебиндеги видео билдирүүсүндө Европа Биримдиги Комиссиясынын Украина менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн баштоо сунушуна баа берди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Европа Биримдиги Комиссиясынын Украина менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн баштатуу сунушу тууралуу : "Бүгүн Украина жана Европа тарыхында туура кадам ташталды",- деди.
Зеленский социалдык медиа эсебиндеги видео билдирүүсүндө Европа Биримдиги Комиссиясынын Украина менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн баштоо сунушуна баа берди.
Президент Зеленский : "Бүгүн Украина жана Европа тарыхында туура бир кадам ташталды. Европа Комиссиясы Украина менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн баштатылышын сунуш кылды. Өлкөбүз Европа Биримдигинде орун алышы керек. Украиналыктар Европанын баалуулуктарын жактаганы үчүн чоң масштабдуу согуш учурунда да убадабызда тургандыгыбыз жана мамлекеттик мекемелерибизди өнүктөргөнүбүз үчүн буга татыктуу. Керек болгон бардык чечимдерди чыгарып жатабыз. Колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем",- деди.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 206 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.