Оскар сыйлыгынын ээси Сарандондон Палестинага колдоо

Сарандон X социалдык медиа аккаунтундагы бөлүшүүсүндө Палестинага колдоосун билдирди.

2061421
Оскар сыйлыгынын ээси Сарандондон Палестинага колдоо

Оскар сыйлыгынын ээси америкалык актриса Сюзан Сарандон: «Газада болуп жаткандарга маани берүү үчүн палестиналык болуунун кажети жок. Палестинаны колдоймун»,-деп айтты.

Сарандон X социалдык медиа аккаунтундагы бөлүшүүсүндө Палестинага колдоосун билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында 5-ноябрда өткөрүлгөн Палестинаны колдоо митинггинен бир фотосүрөттү бөлүшкөн Оскар сыйлыгынын ээси: «Газада болуп жаткандарга маани берүү үчүн палестиналык болуунун кажети жок. Палестинанын жанындамын. Баары эркин болмоюнча эч ким эркин эмес»,-деп сереп салды.

Сарандон 21-октябрда Хоакин Феникс, Кейт Бланшетт, Жон Стюарт, Кристен Стюарт, Махершала Али жана Риз Ахмед сыяктуу атактуу ысымдар да арасында болгон 55 өнөрпоз жана активист менен бирге жолдогон катта, АКШнын президенти Жо Байденден Израиль менен Палестинанын ортосунда ок атышпоо чакырыгын салышын суранган.

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газага жасаган кол салууларында 10 миңден ашуун киши каза болду.



Тектеш кабарлар