Ляйен Иорданиянын падышасы Абдулла менен жолугушту

Ляйен билдирүүсүндө, падыша Абдулла менен Жакынкы Чыгыштагы акыркы кырдаалды талкуулаганын айтты.

2061557
Ляйен Иорданиянын падышасы Абдулла менен жолугушту

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Иорданиянын падышасы Абдулла менен жолугушканын билдирип: "Палестиналыктардын Газадан күч менен көчүрүлбөшү темасындагы позициямды жана Евробиримдиктин эки мамлекеттүү чечимди колдоосун дагы бир жолу кайталадым",- деди. 

Фон дер Ляйен Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган Иорданиянын королу Абдулла II менен жолугушту.

Жабык эшик артында өткөн жолугушуудан кийин фон дер Ляйен X баракчасы аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө, падыша Абдулла менен Жакынкы Чыгыштагы акыркы кырдаалды талкуулаганын айтты.

Абдалланын стабилдүүлүктү камсыз кылууда маанилүү ролу бар экенин баса белгилеген фон дер Ляйен: "Палестиналыктардын Газадан күч менен көчүрүлбөшү темасындагы позициямды жана Евробиримдиктин эки мамлекеттүү чечимди колдоосун дагы бир жолу кайталадым",- деди.



Тектеш кабарлар