Харрис БАЭнин президенти Аль Нахайян жана Бахрейндин мураскер ханзадасы Аль Халифа менен сүйлөштү

Телефондук сүйлөшүүдө Газадагы абал талкууланды.

2061311
Харрис БАЭнин президенти Аль Нахайян жана Бахрейндин мураскер ханзадасы Аль Халифа менен сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) вице-президенти Камала Харрис Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти Мeхаммед бин Заид Аль Нахайян жана Бахрейндин мураскер ханзадасы Салман бин Хамед Аль Халифа менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Харрис БАЭнин президенти Аль Нахайян жана Бахрейндин мураскор ханзадасы Эл Халифа менен өз-өзүнчө өткөргөн телефондук сүйлөшүүсүндө Газадагы абалды талкуулады.

Харрис эки лидер менен сүйлөшүүсүндө Газадагы чукул гуманитардык кризиске токтолуп, "жарандыктарды коргоо" жана эл аралык гуманитардык укукту "урматтоонун" маанилүү экенин белгиледи.

Эки сүйлөшүүдө тең «палестиналыктардын күч менен жеринен ажыратылышына каршы чара көрүүнүн» маанилүү экенин билдирген Харрис, израилдиктер менен палестиналыктардын «коопсуздук, бакубатчылык жана эркиндикке» ээ болушу керектигин айтты.

Америка Кошмо Штаттарынын БАЭ элинин коопсуздугун жана эки өлкөнүн коргонуу өнөктөштүгүн колдогондугун кайталаган Харрис, Аль Нахайян менен сүйлөшүүсүндө аймактагы "мамлекеттик жана мамлекеттик эмес актерлордун коркунучтарын токтотуу" маселесин да көтөрдү.

 



Тектеш кабарлар