Иран-Ооганстан чек арасында Моссаддын 3 агенти кармалды

Моссаддын атынан иштейт деген адамдар Иранда суракка алынары кабарланды.

2060543
Иран-Ооганстан чек арасында Моссаддын 3 агенти кармалды

Иран менен Ооганстандын ортосундагы тоолуу аймакта Иранга учкучсуз учуучу аппарат менен кол салууга даярданып жаткан Израилдин Улуттук чалгындоо кызматынын Моссад агенти экени айтылган 3 кишинин  кармалганы билдирилди.

Ирандын расмий IRNA агенттигинин маалыматына караганда, Иран менен Ооганстандагы Талибан башкаруучулугунун чалгындоо бөлүмдөрүнүн биргелешкен аракети менен кармалган белгисиз адамдардын Ооганстандын аймагынан Ирандагы кээ бир буталарга учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салууга даярданышканы айтылды.

Моссаддын атынан иштейт деген адамдар Иранда суракка алынары кабарланды.



Тектеш кабарлар