Израиль 7 - октябрдан бери Газа тилкесине чабуулун улантууда

Израиль армиясынын Газанын батышындагы Наср балдар ооруканасынын кире беришин бомбалаганы, кол салууда каза болгондордун жана жаралангандардын болгону билдирилди.

2060208
Израиль 7 - октябрдан бери Газа тилкесине чабуулун улантууда

Израилдин 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 9 миң 488ге жетти.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 261ге көбөйүп, 9 миң 488ге жеткендигин билдирди.

Каза болгондордун 3 миң 900нүн жаш балдар, 2 миң 500нүн аял экенин белгилеген министрлик,  уранды астында 1 миң 250сү бала болгон 2 миң 200 кишинин бар экендиги тууралуу кабар алынгандыгын белгиледи.

Жаралуулардын саны кеминде  24 миңге жеткендиги билдирилди. Кол салуудагы жоготуулардын  70 пайызын балдар, аялдар жана кары  - картаңдардан  тургандыгы көңүлдөрдү бурду. 

Ошол эле учурда Израиль армиясынын Газанын батышындагы Наср балдар ооруканасынын кире беришин бомбалаганы, кол салууда каза болгондордун жана жаралангандардын болгону билдирилди.

Израиль түнү менен Газанын түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү башка шаарларга кургактык жана абадан кол салууларын улантты.

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Израилдин аскердик учактары Газанын батышындагы Ан-Наср жана Шейх Рыдван райондорунда жарандар жашаган үйлөрдү бомбалады.

Газанын батышында жана түндүгүндө жайгашкан Аль-Шати жана Жибалия качкындар лагерлери менен Бейт-Лахия жана Бейт Ханун шаарларында, түштүктө Хан Юнус жана Рефах шаарларында көптөгөн үйлөр бомбаланды. Израиль армиясы Жибалия качкындар лагеринен жер которгон   миңдеген палестиналык баш калкалаган  Аль-Фахура мектебин да бутага алды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Ашраф ел-Кудра : «Жибалиядагы Аль-Фахура мектебинин бутага алынышы натыйжасында 15 палестиналык шейит болду, 70тен ашууну жараланды»,-деди.

Газанын чыгышындагы аймактар ​​да артиллериялык аткылоого дуушар болду.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин аль - Кассам бригадалары 7 – октябрь күнү эрте Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады.

Буга жооп катары Израиль армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Израиль Газадан жасалган кол салууларда 315и аскер болгон 1400дөн ашуун израилдиктин каза болгонун, 5132 кишинин жараланганын билдирди.

Израилдин маалыматына караганда, Газа тилкесинде 31-октябрдан бери болгон кагылышууларда каза болгон аскерлердин саны 25ке жетти, Кассам бригадаларында болсо 242 израилдик туткун бар. Оккупацияланган Батыш Шериада да бир израилдик аскер каза болду.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы маалыматына караганда Израилдин кол салууларында 3 миң 826сы бала, 2 миң 405и аял болгон 9 миң 227 палестиналык каза болуп, эң аз 23 миң киши жараланды.

 



Тектеш кабарлар