Орусия менен Кувейттен ок атышпоо чакырыгы

Орусияга барган Кувейттин тышкы иштер министри Сабах менен Лавров борбор шаар Москвада жолугушту.

2060092
Орусия менен Кувейттен ок атышпоо чакырыгы

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Кувейттин тышкы иштер министри Салим Абдулла аль-Жабер ас-Сабах, Израиль менен Палестинанын ортосунда уланып жаткан кагылышуулардын "тез арада" токтотулушу жана аймакка гуманитардык жардамдын жеткирилиши керектигин белгилешти.

Орусияга барган Кувейттин тышкы иштер министри Сабах менен Лавров борбор шаар Москвада жолугушту.

Эки министр жолугушуудан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.

Лавров Израиль-Палестина жаңжалына токтолуп: «Жаңы курмандыктарды болтурбоо жана жаңжалдан жапа чеккен жарандарга керектүү жардамдарды жеткирүү үчүн ок атышпоону камсыз кылуу жана гуманитардык жардам коридорлорун түзүү боюнча тез арада чаралар көрүлүшү керек деп ойлойбуз. Ок атышууну токтотууга жетишкенден кийин да Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечиминде белгиленгендей Израиль менен тынчтык жана коопсуздукта жашаган, борбор шаары Чыгыш Кудс болгон 1967-жылдагы чек араларга негизделген көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү үчүн сүйлөшүүлөр кайрадан башталышы керек»- деди.

Газа тилкесинин тургундарын Египеттин Синай жарым аралына жана Канадага өткөрүү сунуштары тууралуу суроого Лавров, мунун жаңжалды тереңдете турганын айтты.

Кувейт министри Сабах болсо Израиль-Палестина кагылышуусуна токтолуп: «Бул маселеде Орусия менен позициябыз бирдей, ок атышпоо тез арада камсыздалып, аймакка гуманитардык жардам жеткирилиши керек»,- деди.

Ок атышпоо чакырыктарына карабастан Израиль 28 күндөн бери Газага каршы чабуулдарын улантууда.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Израилдин кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 166га көбөйүп 9 миң 227ге жеткени, каза болгондордун 3 миң 826сынын балдар, 2 миң 405инин да аялдар экени кабарланды.



Тектеш кабарлар