ДССУ: "Палестина аймактарындагы саламаттыкты сактоо борборлоруна 218 кол салуу болгонун тастыктадык"

Гебреисус, Израиль менен Палестинанын ортосунда 7-октябрда башталган кагылышуулардан улам Газада 8500дөн ашуун, Израилде 1400дөн ашуун кишинин каза болгонун айтты.

2059760
ДССУ: "Палестина аймактарындагы саламаттыкты сактоо борборлоруна 218 кол салуу болгонун тастыктадык"

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус, 7-октябрдан бери басып алынган Палестина аймактарындагы саламаттыкты сактоо борборлоруна 218 кол салуу болгонун тастыктагандарын белгиледи.

ДССУнун апталык маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Гебреисус, Израиль менен Палестинанын ортосунда 7-октябрда башталган кагылышуулардан улам Газада 8500дөн ашуун, Израилде 1400дөн ашуун кишинин каза болгонун айтты.

Гебреисус: «Газада 21 миңден ашуун адам жаракат алып, 1 миллион 400 миңден ашуун адам жер которду. Газадагы абалды сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Ооруканалар коридорлордо жаткан жарадарларга, өлүкканалар сөөккө толуп кетти. Дарыгерлер операцияны наркозсуз жасашууда»,-деди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ушул убакка чейин саламаттыкты сактоо кызматтарына 237 кол салуу болгонун тастыктаганын белгилеген Гебреисус, алардын 218инин Палестина жерлеринде, 19у Израилде болгонун кабарлады. 

Гебреисус: «Саламаттыкты сактоо кызматтарына кол салуу эл аралык гуманитардык укуктун бузулушу болуп саналат. Газа тилкесиндеги 36 оорукананын 14ү иштебей турат. Ооруканалардын иштебей калышына тамак-аштын, таза суунун жана генераторлор үчүн күйүүчү майдын жетишсиздиги таасир этүүдө. Ден соолук муктаждыктары көбөйгөн сайын бул муктаждыктарды канааттандыруу мүмкүнчүлүгүбүз төмөндөйт»,-деп айтты.

Израилдин Газадагы 23 оорукананын эвакуацияланышын талап кылганын эске салган Гебреисус, бул шарттарда ооруканаларды мажбурлап эвакуациялоонун жүздөгөн бейтаптын өмүрүн тобокелге сала турганын баса белгиледи.

Башкы катчы, акыркы 2 жумада ДССУнун Газага 54 тонна гуманитардык жардам жеткиргенин, бирок бул муктаждыктарды канааттандыруудан алыс экенин айтты.

Негизги муктаждыктарды ташыган 500гө жакын жүк ташуучу унаанын Газага 7-октябрдан мурда күн сайын киргенин эске салган Гебреисус, 7-октябрдан бери Газага болгону 217 фуранын жеткирилгенин билдирди.



Тектеш кабарлар