Орусия CTBTга макулдугун кайтарып алды
Путин өлкөсүнүн CTBTга макулдугун алып салуу боюнча жарлыкка кол койду.
2059471
Орусиянын президенти Владимир Путин, Орусиянын Өзөктүк сыноолорго толук тыюу салуу келишимин (CTBT) ратификациялоосун жокко чыгарды.
Путин өлкөсүнүн CTBTга макулдугун алып салуу боюнча жарлыкка кол койду.
Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 20-октябрдагы билдирүүсүндө, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) келишимди эч качан ратификациялабаганын, Орусия да макулдугун кайтарып алгандан кийин абал тең салмактуу болоорун айткан.
Өзөктүк курал сыноолорун токтотууга багытталган CTBTга Орусия 1996-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында кол койгон.