Мария Захарова : Франциянын идеологиялык кыймылдары аймактарда туруксуздашууга жол ачууда

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Франциянын идеологиялык кыймылдарынын айрым өлкөлөрдө жана аймактарда абалды туруксуздаштырууга жол ачкандыгын айтты.

2059464
Мария Захарова : Франциянын идеологиялык кыймылдары аймактарда туруксуздашууга жол ачууда

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Франциянын идеологиялык кыймылдарынын айрым өлкөлөрдө жана аймактарда абалды туруксуздаштырууга жол ачкандыгын айтты. 

Захарова орус маалымат агенттиги Риага берген маалыматында Франциянын президенти Эммануэль Макрондун террордук уюмдар менен күрөшүү үчүн аймактык жана эл аралык коалиция түзүү сунушуна баа берди.

Захарова бул сунуштун «Жакынкы Чыгышта куралдуу кагылышуулардын күчөшүнө жана башка өлкөлөрдүн бул маселеге аралашуусуна алып келиши мүмкүн» экенин белгилеп, Франциянын маселелердин "тамырын" көрө албаганын кошумчалады.

Захарова : "Париждин идеологиялык кыймылдары көпчүлүк учурда терс таасир жаратууда. Айрым өлкөлөрдө жана аймактарда абалды туруксуздаштырууга жол ачууда. Эгерде Франция чындыгында аймакта (Газа тилкесинде) ок атышпоонун түзүлүшүнө жана кан төгүүнү токтотуу аракеттерине салым кошууну кааласа, Палестина - Израиль жана жалпысынан Жакынкы Чыгыш маселеси  саясий жол менен чечилиши керек деген позициябызды колдой алат.  Ошондуктан израилдиктер менен  палестиналыктарды бардык талаштуу маселелерди талкуулоо үчүн түз сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоого чакырабыз",- деди. 

Орус катчы : «Израиль менен тынчтык жана коопсуздук ичинде жашаган, борбор шаары Чыгыш Кудс болгон, 1967 - жылдагы чек аралардын ичинде көз карандысыз  Палестина мамлекетинин түзүлүшүн жакташат»,-деди. 

Макрон 24 -  октябрдагы Израиль сапарында террордук уюм ДЕАШка каршы АКШнын жол башчылыгында түзүлгөн эл аралык коалициянын, ошол эле учурда Хамаска каршы күрөшүүсү жана террордук уюмдар менен күрөшүү үчүн аймактык жана эл аралык коалицияны курууга чакырган. 

 

 



Тектеш кабарлар