Индонезияда 6,1 баллдык жер титирөө болду

Өткөн жылы Индонезиянын Батыш Ява провинциясында болгон 5,6 баллдык жер титирөөдө 300 адам каза болуп, миңдеген киши жараланган.

2059406
Индонезияда  6,1 баллдык жер титирөө болду

Индонезиянын түштүгүндөгү Чыгыш Нуса Тенггара провинциясында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Индонезиянын метеорология, климат жана геофизика агенттиги 6,1 баллдык жер титирөөнүн эпицентринин Купанг шаарынан 21 километр түндүк-чыгышта болгонун жарыялады.

Болжол менен 36 километр тереңдикте болгон жер титирөөнүн аймакта дүрбөлөңгө салганы жана көп сандаган имараттын  зыянга тарткандыгы белгиленди.

Жер титирөө кургактыкта ​​болгондуктан цунами коркунучунун жок экендиги белгиленди.

Өткөн жылы Индонезиянын Батыш Ява провинциясында болгон 5,6 баллдык жер титирөөдө 300 адам каза болуп, миңдеген киши жараланган.



Тектеш кабарлар