Германия Танзаниядан кечирим сурады

Штайнмайер Танзанияга сапары учурунда барган Мажи-Мажи музейинде билдирүү жасады.

2059065
Германия Танзаниядан кечирим сурады

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, өлкөсүнүн колониялык мезгилде Танзанияда жасаган кылмыштарынан улам уялганын айтып, бул өлкөдөн кечирим сурады.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Штайнмайер Танзанияга сапары учурунда барган Мажи-Мажи музейинде билдирүү жасап: «Немистердин ата-бабаларыңарга кылгандары үчүн кечирим сурайм»,- деди.

Танзания менен орток келечекти курууну каалагандарын жана өтмүштө болгондорду өз өлкөсүндө түшүндүрө турганын белгилеген Штайнмайер, Германиянын колониялык мезгилде Танзанияда жасаган кылмыштарынан уялганын билдирди.

Араб үстөмдүгүнөн кийин 1880-жылдан 1919-жылга чейин Германиянын колониялык бийлиги астында калган Танзания жерлери, Улуттар жамаатынын түзүлүшү менен Британиянын бийлигине өткөн.

1905-1907-жылдары Германиянын колониясына каршы башталган Мажи-Мажи козголоңу күч менен токтотулуп, каршылык көрсөтүүдө болжол менен 200-300 миң киши каза тапкан деп болжолдонууда.

Танзания колониялык мезгилде өлгөн козголоңчуларды сөөгүн Германиядагы музейлерден өлкөгө алып кетүү үчүн бул өлкө менен сүйлөшүүлөрдү баштаганын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар