Чек тааныбаган журналисттер уюму Эл аралык кылмыш сотуна арызданды

Чек тааныбаган журналисттер уюму Газада журналисттерге каршы иштелген "согуштук кылмыштардан" улам Эл аралык кылмыш сотуна арыз бергендерин билдирди.

2059462
Чек тааныбаган журналисттер уюму  Эл аралык кылмыш сотуна арызданды

Чек тааныбаган журналисттер уюму Газада журналисттерге каршы иштелген "согуштук кылмыштардан" улам Эл аралык кылмыш сотуна арыз бергендерин билдирди. 

Чек тааныбаган журналисттер уюму 7 -  октябрдан бери өлтүрүлгөн  9 журналист үчүн Эл аралык кылмыш сотуна арыз берди. 

Кагылышуу башталгандан бери Газада кеминде 34 журналист каза болду.

"Чек тааныбаган журналисттер" уюму шаршемби күнү берген билдирүүсүндө  Газа тилкесиндеги Израиль - Палестина кагылышуусу учурунда журналисттерге каршы жасалган согуш кылмыштарын иликтөө үчүн Эл аралык кылмыш сотуна арызданганын жарыялады.

Басма сөз эркиндигин жактаган Франция борбору болгон ейөкмөт уюм тарабынан өткөрүлгөн пресс  -  жыйында журналисттерге жасалган кол салуулар айыпталып :  «Бул журналисттер согуш кылмышы болгон кол салуулардын курмандыгы болушту»,-деп айтылды.

Пресс  - жыйында өзгөчө Газада  50дөн ашуун медиа мекемесинин имараттарынын атайылап толугу менен же бир бөлүгүнүн кыйратылгандыгынан да сөз болду. 

Чек тааныбаган журналиттер уюмунун билдиргенине караганда Газада согуштун башталышынан бери кеминде  34 журналист алардын ичинен 12 журналист ишин аткарып жаткан учурда өлтүрүлгөн.

Уюм журналисттердин онунун Газада, бирөөсүнүн Израиоде жана бирөөсүнүн да Ливанда өлтүрүлгөндүгүн жарыялады. 

 



Тектеш кабарлар