Газадагы балдардын өлүмү

Филипп Лазарини Израилдин Газа тилкесиндеги 3 жумалык кол салууларында каза болгондордун 70 пайызынын балдар жана аялдар экендигин билдирди.

2058326
Газадагы балдардын өлүмү

Бириккен Улуттар Уюмунун  Палестиналык качкындарга жардам  иштери боюнча агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лазарини Израилдин Газа тилкесиндеги 3 жумалык кол салууларында каза болгондордун 70 пайызынын балдар жана аялдар экендигин билдирди. 

Лазарини БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулаган чукул жыйынында Газа тууралуу баа берди.

Газада Израилдин кол салууларына каршы коопсуз эч бир жердин жок экенин баса белгилеген Лазарини, Газада акыркы үч жумада каза болгондор тууралуу : «Алардын дээрлик 70 пайызы балдар жана аялдар",- деди.  

БУУнун  Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) аткаруучу директору Кэтрин Рассел да Израилдин Газадагы кол салууларынан ушул убакка чейин 3 миң 400дөн ашуун баланын каза болгонун, 6 миң 300дөн ашуун баланын жараланганына көңүлдөрдү буруп : "Бул Газада күн сайын  420дан ашуун бала өлтүрүлүп же жараланууда деген мааниге келүүдө",- деди. 

Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги да Израилдин 7-26-октябрь күндөрүндө Газага жасаган кол салууларында каза болгондордун аты-жөнү, өздүк маалыматтары жана жаш курагын камтыган 212 беттик отчетун жарыялады.

Отчетко караганда Израилдин 7-26-октябрь аралыгындагы кол салууларында каза болгон 7028 кишинин 2913ү балдар.

Израилдин кол салууларында 133ү бир жашка чейинки ымыркай, 153ү 1 жашар, 158и 2 жаштагы ымыркай болгон 444 ымыркай каза болду.

Израилдин бомбалоосунда 3 жаштагы 171 бала, башталгыч мектеп жашындагы 1527 бала (4-13 жаш) жана орто мектеп жашындагы (14-17 жаш) 523 бала каза болгон.

Кол салууларда каза болгондордун 2262си аялдар болсо, 462си 60 жаштан жогоркулар.

Маалыматта кол салууларда каза болгон 281 кишинин өздүгү аныктала албаганы белгиленди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады.

Израиль армиясы да буга карата аскердик учактар менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаткандыгын билдирген.

Күч алган чыңалуудан эки тарапта тең чоң жоготуулар болду.

 

 

 



Тектеш кабарлар