ДССУ Израилди айыптады

Гебреисус, X социалдык медиа платформасынан билдирүү жасады.

2058518
ДССУ Израилди айыптады

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус, Газа тилкесиндеги рак менен ооругандарга карата жалгыз оорукана болгон Түрк-Палестина достук ооруканасына Израиль армиясынын абадан кол салуусунун абдан тынчсыздандыруучу экенин билдирди.

Гебреисус, кол салууга байланыштуу X социалдык медиа платформасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Газадагы саламаттыкты сактоо кызматтарынын корголушунун маанилүүлүгүн жетиштүү түрдө баса белгилей албагандарын айтып: "Газада рак менен ооругандар дарыланган негизги мекеменин айланасына (Түрк-Палестина Достук ооруканасы) абадан чабуул жасалганы тууралуу кабар абдан тынчсыздандырат. Рак менен ооруган бейтаптар ансыз да аялуу жана алардын керектүү жардамды алуусу үчүн колдон келгендин баарын жасоо зарыл. Бул бул чындап эле маанилүү" -деди.



Тектеш кабарлар