Дагестанда Израиль учагына каршылык
Махачкала аэропортуна Израилден барган бир учак конду деген маалымат угулганда ондогон адамдар аэропортко агылды.
Орусияга караштуу Дагестан автономиялуу республикасында Израилден барган бир учактын себебинен демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда чыккан мушташтан 20 адам жаракат алды.
Махачкала аэропортуна Израилден барган бир учак конду деген маалымат угулганда ондогон адамдар аэропортко агылды.
Палестинанын желектерин көтөргөн демонстранттар Израилге каршы ураандарды кыйкырышты. Митингчилер жүргүнчүлөрдү өлкөгө киргизбөөнү жана учакты Тель-Авивге кайра жөнөтүүнү талап кылышты.
Аэропортто коопсуздук чараларын көргөн коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосунда мушташ чыкты. Окуялар учурунда кеминде 20 адам жаракат алып, 60 адамдын суракка алынганы кабарланды.
Орусиянын авиация агенттиги, аэропорттун 6-ноябрга чейин каттамдарга убактылуу жабылганын билдирди.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.