Нетаньяху адегенде айыптап, андан соң кечирим сурады

Израилдин премьер-министри кечээки билдирүүлөрүндө Хамас тарабынан жасалган кол салуулардагы коопсуздуктун бузулушуна Израиль армиясы менен ички чалгындоо агенттиги Шин-Бетти айыптады.

2057397
Нетаньяху адегенде айыптап, андан соң кечирим сурады

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Хамастын 7-октябрдагы чабуулдары үчүн коопсуздук жана чалгындоо кызматтарын жооптуу кылган жана катуу реакцияларды жараткан сөздөрү үчүн «жаңылыштык кетиргенин» айтып кечирим сурады.

Израилдин премьер-министри кечээки билдирүүлөрүндө Хамас тарабынан жасалган кол салуулардагы коопсуздуктун бузулушуна Израиль армиясы менен ички чалгындоо агенттиги Шин-Бетти айыптады.

Нетаньяху Telegram аккаунтундагы билдирүүсүндө «Газа тилкесиндеги 7-октябрдагы кол салуулар тууралуу премьер-министрге кабарланган деген дооматтар негизсиз, тескерисинче, эч кандай эскертүү алынбаганын» жактады.

Билдирүүдө Нетаньяху, «Тескерисинче, Израиль армиясы жана Шин-Бет (Шабак) Хамастын кыйратылганын жана тынчтыкка жетишилгенинин баа берүүсүн жасаганын»,баяндаган.

Израилдин премьер-министри бардык чалгындоо органдары ага жана өкмөткө «согуш башталган акыркы учурга чейин» бир эле маалыматты кайра-кайра берип келгенин ырастады.

Нетаньяху бир канча убакыттан кийин өчүргөн бул сөздөрү үчүн «Мен ката кетирдим» деген сөздү колдонуп, төмөнкүдөй билдирүү жасады:«Мен айткан нерселер айтылбашы керек болчу, бул үчүн кечирим сурайм. Мен бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине толук колдоо көрсөтөм. Мен Башкы штабдын начальниги менен Израилдин армиясынын командирлери менен аскерлерин фронтто турган, өлкө үчүн күрөшүп жаткан колдойм. Биз бирге жеңебиз»,-деди.

Израилдин премьер-министри Хамастын бардык туткундарды өз ара бошотуу сунушуна жооп берген жок.

Нетаньяху Израилдин армиясы жана чалгындоо агенттиги Шабак ага туура эмес маалымат бергенин айтып, түнү Telegram жана X социалдык медиа платформаларында жарыялаган постун өчүрдү.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Хамастын 7-октябрдагы чабуулдары үчүн коопсуздук жана чалгындоо кызматтарын жооптуу кылган жана катуу реакцияларды жараткан сөздөрү үчүн «жаңылыштык кетиргенин» айтып кечирим сурады.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары 7-октябрь күнү эртең менен Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаган.

Израиль армиясы да ондогон согуштук учактары менен Газа тилкесине чабуул жасады.

Газадан жасалган чабуулдарда 310 аскер болгон 1400 израилдиктин каза болгондугу, 5132 израилдиктин жараланганы билдирилди.

Израилдин Газага кол салууларында каза болгондордун саны 8 миңден ашты, 20 миңге жакын киши жараланды.

Палестиналык куралдуу топтор 200дөн ашуун туткунду кармап турушат.



Тектеш кабарлар