Египетте 2 учкучсуз учуучу аппарат таасирсиз абалга келтирилди

Египет армиясы кечээ Кызыл деңиздин түштүгүнөн келген эки учкучсуз учуучу аппараттын бирөөсүнүн чыгыш аймактарга кулап, экинчисинин болсо таасирсиз абалга келтирилгенин жарыялады.

2057063
Египетте 2 учкучсуз учуучу аппарат таасирсиз абалга келтирилди

Египет армиясы кечээ Кызыл деңиздин түштүгүнөн келген эки учкучсуз учуучу аппараттын бирөөсүнүн чыгыш аймактарга кулап, экинчисинин болсо таасирсиз абалга келтирилгенин жарыялады.

Египет армиясынын басма сөз катчысы полковник Гариб Абдулхафез өлкөнүн чыгышында бири Израиль чек арасында болгон эки шаарга кулаган эки учкучсуз учуучу аппараты тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Абдулхафез иликтөөлөрдүн натыйжасында  учкучсуз учуучу аппараттардын Кызыл деңиздин түштүгүнөн келгенин жана биринин Египеттин аба мейкиндигинин тышында Акаба булуңунда бутага алынгандыгын, таасирсиз абалга келтирилгенин белгиледи.

Абдулхафез Египет басма сөзүндө ракета деп жарыяланган Нувейба шаарындагы бош жерге түшкөн объекттердин бутага алынган учкучсуз учактардын биринин сыныктары экендигин айтты.

Башка бир учкучсуз учуучу аппаратынын Израиль чек арасындагы Таба шаарына келип түшкөгдүгүн  белгилеген Абдулхафез, аба күчтөрүнүн Египеттин аба мейкиндигин бардык стратегиялык багытта коопсуздугу үчүн аракеттерин күчөткөнүн баса белгиледи.

Азырынча кол салуулар үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек болсо да, Израилдин басма сөз кызматы Израилдин Тышкы иштер министрлигинин Хусилерди (Йеменде Иран колдогон) учкучсуз учуучу аппараттар  ​​үчүн айыптаганын жазды.

Египет армиясынын басма сөз катчысы Абдулхафез кечээ өлкөнүн Израиль менен чек арасында Таба шаарындагы имаратка белгисиз бир учкучсуз учуучу аппаратынын кулаганын билдирген.

Абдулхафез 6 кишинин жеңил жаракат алганын жана окуяны эксперттик комиссиянын иликтеп жатканын жарыялады.

Египеттеги Аль-Каир телеканалы да Синай жарым аралынын түштүк-чыгышында Акаба булуңунун жээгинде жайгашкан Нувайба шаарына ракета экендиги болжолдонгон объекттин келип түшкөнүн жарыялаган.



Тектеш кабарлар