Хамастын Израилге кол салуулары, израилдик туткундар

Кассам бригадалары Телеграм каналы аркылуу билдирүү жасады.

2056737
Хамастын Израилге кол салуулары, израилдик туткундар

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары, Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларына жооп иретинде Тель-Авив жана Яффага ракеталык чабуул жасаганын кабарлады.

Кассам бригадалары Телеграм каналы аркылуу жазуу түрүндөгү билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө Газа тилкесиндеги кол салууларга жооп катары Тель-Авив, Яффа жана басып алынган Батыш Шериадагы жөөт отурукташкан жерлерине көптөгөн ракеталык кол салуулардын жасалганы белгиленди.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, атылган ракеталардан улам Израилдин Тель-Авив жана Яффа баш болгон көптөгөн жерлеринде сиреналар угулду.

Газадан атылган ракеталардын көпчүлүгү Израилдин «Темир Купол» системасы тарабынан абада жок кылынганы менен, айрымдары Тель-Авивдеги кээ бир аймактарга тийди.

Ошол эле учурда Кассам бригадалары, Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында ушул убакка чейин колдорундагы израилдик туткундардын 50сүнүн каза болгонун маалымдады.

Кассам бригадаларынын басма сөз катчысы Абу Убейде 16-октябрдагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага жасаган кол салууларында 200-250 туткундун, арасында жогорку даражалуу аскерлердин да бар экенин айткан.

Израиль болсо туткундарды алмаштыруу келишимин кароого даяр экенин жарыялады.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN билдиргендей, Израиль Катар менен Египет баш болгон ортомчуларга Газа тилкесиндеги палестиналык топтор менен кеңири масштабдагы алмашуу келишимин кароого даяр экенин маалымдады.

Кабарда мүмкүн болгон келишимге "Хамастын колунда турган көптөгөн туткундарды бошотуунун камтылганы" айтылды.

Хамастын шарттары болсо «Газага күйүүчү майдын кирүүсүнө уруксат берүү, палестиналык туткундарды бошотуу жана ок атышпоо» экени белгиленди.



Тектеш кабарлар