Der Spiegel орус дипломатын тыңчы деп айыптады

Логвинов "Европага каршы мыйзамсыз аракеттерди жасаган" деп шектелүүдө.

2056511
Der Spiegel орус дипломатын тыңчы деп айыптады

Германиянын "Der Spiegel" гезити Бельгиянын Мамлекеттик коопсуздук агенттигинин Орусия Федерациясынын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кирилл Логвиновду Орусиянын тышкы чалгындоо агенттигинин тыңчысы деп айыптаганын жарыялады.

Кирилл Логвинов учурда Европа Биримдигинде кызмат кылып жаткан жогорку даражалуу орусиялык дипломат.

Логвинов "Европага каршы мыйзамсыз аракеттерди жасаган" деп шектелүүдө.

Гезиттин дипломатиялык булактарга таянып жазган маалыматына караганда, орусиялык дипломатка байланыштуу шектенүүлөр былтыр эле айтыла баштаган.

Кабарга караганда, ал кезде Бельгиянын чалгын кызматы Логвиновдун агенттердин тизмесине кирүүсүн талап кылган, бирок Евробиримдиктин тышкы иштер кызматы бул кадам анын Орусиядагы өкүлдөрү үчүн терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп чочулап каршы чыккан.

Логвиновго коюлган айыпка реакцияны РФ Тышкы иштер министрлиги билдирди. Министрликтин басма сөз катчысы Мария Захарова, Der Spiegel журналынын журналисттерине иликтөө жүргүзүүнү жана Германиянын чалгындоо кызматынын дүйнөнүн бардык жериндеги агенттерин тизмеге алууну сунуштады.



Тектеш кабарлар