Словакияда коалиция өкмөтү ишин баштады

30 -  сентябрдагы шайлоодо утуп чыккан Социал демократ партиясынын лидери Украинага жасалган аскердик жардамдарды акырына чыгаруу убадасын берген.

2056291
Словакияда  коалиция өкмөтү ишин баштады

Словакияда 30 -  сентябрда болгон шайлоодон утуп чыккан Социал демократ партиясы Либералдык үнү партиясы (HLAS) жана Словакия улуттук партиясы (СНС) менен түзүлгөн коалициялык өкмөт кызматка киришти.

Словакия премьер  - министрлигинин төртүнчү жолу аткарып жаткан Социал демократ партиясынын лидери Роберт Фико президент  Зузана Чапутованын жаңы кабинетти бекитүүсүнөн кийин өткөрүлгөн аземде конструктивдүү өкмөт болу  убадасын берди.

30 -  сентябрдагы шайлоодо утуп чыккан Социал демократ партиясынын лидери Украинага жасалган аскердик жардамдарды акырына чыгаруу убадасын берген. 

Фиконун батыштык өлкөлөрдүн Россияга карата санкцияларына да каршы чыккандыгы белгилүү. 

Өлкөдө саясий туруксуздук  мафия менен саясий карым  - катнаштарды жазган журналист Куциак менен колуктусу Мартина Куснированы өлтүргөн 2018 -  жылдын февраль айынан бери уланууда. 

Коалиция азчылык жана технократтык өкмөттөр курулган өлкөдө акыркы  5 жылда 5 жолу премьер  - министр алмашты. 

 



Тектеш кабарлар