Песков: "Газага гуманитардык жардамдар жеткирилиши керек"

Песков, Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышууларга байланыштуу борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

2056324
Песков: "Газага гуманитардык жардамдар жеткирилиши керек"

Орус бийлиги, гуманитардык апаатка кабылган Газага жардамдардын жеткирилиши керектигин билдирди.

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышууларга байланыштуу борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

Газага жөнөтүлгөн жардамдын кирүүсүнө уруксат берилбегенине көңүл бурган Песков: "Жыйырма эки гана жардам фурасына уруксат берилди. Бул өтө аз. Адамдардын бул жерден чыгып кетишине да уруксат берилбей жатат",-деп айтты.

Песков абалдын орчундуу деңгээлде экенин баса белгилеп: "Газада гуманитардык апаат бар. Ал жакка гуманитардык жардам жеткирилиши керек. Кургактан операция башталса абал дагы да начарлашы мүмкүн" деди. 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин карамагында аракеттердин күчөтүлүшү керектигин белгилеген Дмитрий Песков: "Бардыгына ок атышпоо чакырыгы салынышы керек жана бир тараптын эле кыймылын айыптоого болбойт",-деп айтты.



Тектеш кабарлар