Иран : "Абал тынчсыздандыруучу абалга карай бара жатат"

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян, Израилдин Газага жасаган кол салууларынын коркунучтуу деңгээлге жеткенин жана  көзөмөлдүн күтүлбөгөн жерден бардык тараптардын колунан чыгуу   ыктымалдыгы бар экенин айтты.

2056243
Иран : "Абал  тынчсыздандыруучу абалга карай бара жатат"

Ирандын тышкы иштер министри Хусейин Эмир Абдуллахиян Израилдин Газага жасаган кол салууларынын коркунучтуу деңгээлге жеткенин жана  көзөмөлдүн күтүлбөгөн жерден бардык тараптардын колунан чыгуу   ыктымалдыгы бар экенин айтты.

Ирандык студенттер маалымат агенттигинин (ISNA) маалыматына ылайык, Абдуллахиян Бириккен Улуттар Уюмунун Палестина боюнча кезексиз сессиясына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын  Нью - Йорк шаарына баратып  басма сөзгө маалымат берди. 

Абдуллахиян : "АКШ жана айрым Европа өлкөлөрүнүн сионист режимине берген колдоосу менен Газа калкына карата кыргынынан улам Батыш Азия аймагындагы абал бардык өлкөлөр үчүн тынчсыздандыруучу өлчөмгө жетти. Көзөмөл  күтүлбөгөн жерден бардык тараптардын колунан чыгышы мүмкүн",- деди. 

Эртерээк Израиль кол салууларынын токтошу жана Газага гуманитардык жардамдын жеткирилиши керектигин белгилеген ирандык министр палестиналык топтордун Израилге каршы жерлерин коргоо укуктарынын бар экендигин жана муну эл аралык мыйзам жана БУУнун шарттарына ылайык экендигин эске салды. 

Хамастын куралдуу канаты Кассам бригадалары 7-октябрда эртең менен Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштады.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы аскердик учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең миңдеген адам каза болду.

 



Тектеш кабарлар