Байден менен Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Газадагы акыркы кырдаал жана ХАМАС тарабынан туткунга алынгандардын бошотулушу темасы талкууланды.

2056106
Байден менен Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, Газадагы жарандарды коргоонун маанисине көңүлдөрдү бурду.

Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда, Байден менен Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Газадагы акыркы кырдаал жана ХАМАС тарабынан туткунга алынгандардын бошотулушу темасы талкууланды.

Байден менен Нетаньяху Газадан кетүүнү каалаган чет элдик жарандардын мүмкүн болушунча тезирээк коопсуз түрдө өлкөдөн чыгуусун сүйлөштү.

АКШнын президенти Байден Газага гуманитардык жардам агымынын жана ал жердеги жарандардын корголушунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Израилдин өз жарандарын террорго каршы коргоого толук укугу жана жоопкерчилиги бар экенин, муну эл аралык укуктун алкагында ишке ашырышы керектигин айткан Байден, бул кризистен кийинки кадамдын израилдиктер менен палестиналыктардын ортосунда туруктуу тынчтыкка карай жол болушу керектигине басым жасады.

Эки лидер тынымсыз байланышта болууну макулдашты.

Бир тараптан АКШнын Коргоо министрлигинен (Пентагон) жасалган билдирүүгө караганда, АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен Израилдик кесиптеши Йоав Галлант телефон аркылуу сүйлөштү.

Аймактагы акыркы абалдарды караган министрлер Газадагы жарандарды коргоо темасын да талкуулашты.



Тектеш кабарлар