АКШда куралдуу кол салуу: 22 киши каза болду

Кээ бир маалымат булактары, кол салуучунун 40 жаштагы мурдагы аскер экенин жарыялашты.

2055932
АКШда куралдуу кол салуу: 22 киши каза болду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мэн штатындагы куралдуу кол салууда 22 киши каза болуп, ондогон киши жаракат алды.

Мэн полициясы, Левистон шаарында 3 башка аймакта белгисиз бирөөнүн ок атуусунан 22 кишинин каза болгонун, ондогон кишинин жараланганын билдирди.

Оберн шаарынын мэри Жейсон Левеск окуядан улам мектептер жабылганын жана колиция кызматкерлеринин качып кетүүгө үлгүргөн шектүүнү издеп жатканын кабарлады.

Кээ бир маалымат булактары болсо кол салуучунун 40 жаштагы мурдагы аскер экенин жарыялашты.



Тектеш кабарлар