Африкада полиомиелит оорусу

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Африка директору Матшидисо Моети жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Африкадагы шал оорусуна көңүлдөрдү бурду.

2055847
Африкада полиомиелит оорусу

Африка континентиндеги 21 өлкөдө полиомиелит оорусу катталды.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Африка директору Матшидисо Моети жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Африкадагы шал оорусуна көңүлдөрдү бурду.

Билдирүүдө континенттин 21 өлкөсүндө полиомиелит оорусунун аныкталганы кабарланды.

Полиомиелитке каршы күрөштүн жетишсиз экени белгиленип, оорудан жапа чеккен жана азырынча медициналык кийлигишүү жасала элек көптөгөн аймактардын бар экендиги айтылды.

Экинчи жагынан акыркы бир жылда дүйнө жүзү боюнча полиомиелит учурларынын азайганы ортого салынды.

Полиомиелит 5 жашка чейинки балдарда пайда болгон жана ошол эле аталыштагы вирустан келип чыккан оору катары аныкталат.

Вирус ар бир 200 учурдун биринде жүлүнгө жайылып, кайра кайтарылгыс параличке алып келет.

Шал болгондордун 5-10 пайызы дем алуу булчуңдары жабыркап көз жумат.



Тектеш кабарлар