БУУ : 21 - октябрдан бери Рефах чек ара капкасынан 54 жардам ташыган унаа кирди

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2055151
БУУ : 21 - октябрдан бери Рефах чек ара капкасынан 54 жардам ташыган унаа кирди

Бириккен Улуттар Уюму  21 - октябрдан бери Рефах чек ара капкасынан Газага кирген гуманитардык  жүк ташуучу унаалардын саны 54кө жеткенин билдирди.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Газага азырынча күйүүчү май жардамынын берилбегенине көңүлдөрдү бурган Дужаррик, БУУнун палестиналык качкындарга жардам  агенттигиндеги (UNRWA) кесиптештеринин «күйүүчү май ташыган танкердин түбүн көрүп жатабыз» деп эскерткендтгтн жана бр канча күндүк гана  күйүүчү май калгандыгы айтылды.

Газага 7 - октябрдан бери электр энергиясы берилбегенин эске салган Дужаррик ооруканалардын абдан кыйын абалда экенин, 700 бейтапка  ылайыкталган Шифа ооруканасында болжол менен 5 миң бейтаптын дарыланып жатканын белгиледи.

Кечээ Газага 20 жардам унаасынын киргенин белгилеген Дужаррик : «21-октябрдан бери Газага кирген жардам унааларынын саны 54кө жетти»,-деди. 

Дужаррик кризистен мурда аймакка күнүнө болжол менен 450 жардам унаасынын киргенин эске салып, азыркы жардамдын жетишсиз экенине көңүл бурду.

Дужаррик БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешке БУУнун сот органдарынын бири тарабынан Газадагы аль - Ахли баптист ооруканасына жасалган кол салууну иликтөөгө уруксат бериши керектигин айтты.

БУУнун объектилерине жасалган кол салуулардын автоматтык түрдө иликтене турганын белгилеген Дужаррик : «Биз көргөн бардык мыйзам бузуулар иликтениши керек»,-деди. 

Бир тараптан БУУ гуманитардык иштер боюнча коорпдинация кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Газада жер которгондордун саны  1 миллион  400 миңге жеткендиги билдирилди. 

БУУнун гуманитардык иштер боюнча координация кеңсеси дайынсыз жоголгондордун саны миңге жеткенин белгилеп, бул адамдардын каза болгондугун же  урандылардын астында калгандын ойлоп жаткандарын  жарыялады.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге каршы "Акса топоносу" деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары   7 - октябрда Израилге каршы "Акса топону" деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады.

Газадан Израилге карай миңдеген ракета атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Эки тараптан тең көп жоготуулар бар.

 



Тектеш кабарлар