Израилдин Газага кол салуулары...

Израиль армиясынын түнү бою Газанын ар кайсы жерлерине согуштук учактар ​​жана артиллериялык аткылоо менен кол салуулары уланып, дагы 400дөн ашуун палестиналык каза болду.

2054346
Израилдин Газага кол салуулары...

Израиль армиясынын түнү бою Газанын ар кайсы жерлерине согуштук учактар ​​жана артиллериялык аткылоо менен кол салуулары уланып, дагы 400дөн ашуун палестиналык каза болду.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин акыркы 24 саатта Газага кол салууларынfy 182си бала болгон 436 палестиналыктын каза болгонун билдирди.

Министрлик Израилдин кол салууларында 7-октябрдан бери 2055и бала, 1119у аял болгон 5087 кишинин каза болгонун, жаралуулардын саны 15273кө жеткенин жарыялады.

Израиль Газага карай кол салууларынын 16-күнүндө шаардын ар кайсы аймактарындагы отурукташуу жерлерин согуштук учактар ​​жана артиллериялык аткылоо менен бир убакта бомбалоодо эң аз 25 кыргын болду.

Шаардын көптөгөн жерлерине абадан жана кургактан кол салуулардын натыйжасында бир күндө 400дөн ашуун палестиналык каза болду.

Медициналык булактардан алынган маалыматка караганда, жекшемби күнү Израилдин кол салууларынын натыйжасында Хан Юнус качкындар лагеринде 44, Рефахта 57, шаардын борбордук бөлүгүндө 168, Газа шаарынын борборунда 66 жана түндүк аймакта 44 палестиналык каза болду.

Египет чек арасына жакын жайгашкан Рефах шаарында бир үйгө кол салуудан 6 киши каза болуп, 11 киши жараланды.

Карара районунда 5 адам каза болду.

Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Миграка аймагындагы бир үйгө абадан кол салуудан 4 киши каза болуп, 6 киши жараланды.

Аймактагы Жибалия качкындар лагериндеги эки үйгө жана аль-Албани мечитине бир нече жолу абадан жүргүзүлгөн кол салуулардын натыйжасында 20дан ашуун киши каза болду.

WAFAнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, оккупациялык күчтөр Газа тилкесиндеги кээ бир райондорду картадан толугу менен өчүрдү; Ал урандыга айланган аймактарда «айрым үй-бүлөлөрдүн бардык мүчөлөрү өлүк катары катталышына» себеп болду.

Бир тараптан Израиль согуштук учактары Газа тилкесинин борбордук бөлүктөрүндөгү Шифа ооруканасы менен Кудс ооруканасынын айланасындагы аймактарды да бутага алды.

Ички иштер министрлигинин Газадагы жазуу түрүндөгү жарыясында Израиль күчтөрүнүн Газа шаарындагы Шейх Рыдван жана Эл-Басра кварталдарындагы үйлөргө абадан кол салганы белгиленди.

Аба чабуулунун натыйжасында курман болгондор жана жарадар болгондор бар экени кабарланды.

Израилдик учактар ​​Газадагы Жабалия, Эль-Бурейж жана Нусайрат качкындар лагерлери менен Бейт Лахия аймагындагы карапайым калк жашаган көп сандаган үйгө абадан сокку урду.

Ички иштер министрлигинин Газадагы жазуу түрүндөгү жарыясына караганда кол салууларда көбү аялдар жана балдар болгон кеминде 30 палестиналык каза болуп, ондогон киши жараланды.

Билдирүүдө Израилдик учактардын Газанын түндүгүндөгү Шейх Рыдван районундагы Ан-Нур аль-Мухаммади мечитине кол салганы жана жаралангандардын болгону белгиленди.

Ан-Нур аль-Мухаммади мечити менен согуш башталган 7-октябрдан бери талкаланган мечиттердин саны 32ге жетти.

Израилдин согуштук учактары Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жибалия качкындар лагерин бомбалады.

Абадан сокку уруулардын натыйжасында көп сандаган палестиналык каза болуп, ондогону жарадар болду.

Израиль армиясы Газа тилкесине абадан жана кургактыктан кол салууларын улантып жатып, басып алган Батыш Шериадагы көптөгөн шаарларга жасаган рейддеринде көптөгөн палестиналыкты кармады.

Израиль басып алган Батыш Шериада рейд жүргүзгөн Израиль армиясы менен палестиналыктардын ортосунда кагылышуу чыкты.

Аль-Акса каналынын Telegram баракчасында орун алган кабарга караганда, Израиль күчтөрү Батыш Шериадагы көптөгөн шаарларды басып алуу учурунда куралдуу каршылыкка туш болду.

Израилдик согуштук учактардын Ливандын түштүгүндөгү Хизбуллахка таандык деп эсептеген бир камераны, байкоо пунктун жана Айтарун айылынын айланасын бомбалаганы белгиленди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы телеграм эсебинде министрликтин басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудранын Газада күйүүчү майы түгөнүп калган ооруканаларга кайрымдуулук чакырыгына байланыштуу билдирүүсү бөлүшүлдү.

Билдирүүдө «Биз май куюучу жайлардын ээлерин жана күйүүчү майы барлардын баарын, канча күйүүчү майы болсо да, ооруканаларга кайрымдуулук кылууга чакырабыз»,деген сөздөр камтылган.

Ашраф аль-Кудра жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө ооруканаларга күйүүчү май жеткирилбестигинин 38и бала болгон 1100 бөйрөк жетишсиздигинин өмүрүнө коркунуч жаратарын баса белгиледи.

Министрликтен жасалган башка билдирүүдө Израилдин кол салууларында 57 медицина кызматкеринин каза болгондугу, 12 оорукана менен 32 саламаттыкты сактоо борборунун иштебей калганы билдирилди.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге каршы "Акса топоносу" деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар