Израиль басма сөзү: "Нетаньяху менен армиянын ортосунда кризис бар"

Израилдин "Yediot Ahronot" гезити премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен армиянын ортосунда ишеним кризиси болуп жатканын жазды.

2054758
Израиль басма сөзү: "Нетаньяху менен армиянын ортосунда кризис бар"

Израилде өкмөт менен армиянын ортосундагы кризис жөнүндөгү кабарлар өлкөнүн басма сөзүндө кеңири орун алууда.

Израилдин "Yediot Ahronot" гезити премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен армиянын ортосунда ишеним кризиси болуп жатканын жазды.

Гезит Нетаньяхунун, 7-октябрда Кассам бригадалары жүргүзгөн операция үчүн жоопкерчиликти мойнуна албаганын, тескерисинче армияны күнөөлөгөнүн жана ушул себептен командирлерге ачууланганын белгиледи.

Кабарга караганда, Нетаньяху, Израилдин коргоо министри Йоав Галлант жана армиянын ортосунда Газага кургактык операциясынын убактысына байланыштуу талаш-тартыш уланып жатат.

Галланттын жана армия жетекчилеринин кеңештерине карабастан Нетаньяхунун Ливан чек арасында кургактыктан операция жүргүзүүнү каалабаганы айтылды.

Гезит коомчулукта биримдик бар экенин, бирок бийлик менен армиянын башкаруусунда абал башкача болгондуктан чечим чыгарууда кыйынчылык жаралганын жазып чыкты.

Израилдин таасирдүү гезиттеринин бири Haaretz да өз талдоосунда Нетаньяхунун армияга каршы далилдерди чогултканын билдирген.

Haaretz гезити премьер-министр Нетаньяхунун ХАМАС операциясынын ийгиликсиздигин армияга жүктөөгө даярданып жатканын жүйө келтирген эле.

Хамастын куралдуу канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадалары 7-октябрда эртең менен Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаган.

Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда палестиналык куралдуу топтор Газа-Израиль чек арасындагы Бейт Ханун-Эрез чек ара капкасын басып алышкан.

Андан соң куралдуу топтор бул жерден Израилдин ичиндеги конуштарга кирип, Израиль армиясы да ондогон согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине кол сала баштаган.

Газадан жасалган кол салууларда 307и аскер 1400 израилдик каза болуп, 5 миң 132 израилдик жараланды.

7-октябрдан бери Израилдин кол салууларында 2 миң 55и бала, 1119у аял 5 миң 87 киши каза болуп, жаралуулардын саны 15 миң 273кө жетти.

Палестиналык куралдуу топтордун барымтасында 222 адам бар.



Тектеш кабарлар