Украина түндө Орусиянын чабуулдарынан 6 адам каза болгонун билдирди

Харьков облусунун Аскердик башкармалыгынын башчысы Олег Синегубов социалдык тармактагы баракчасына жасаган билдирүүсүндө орус армиясынын Харьков облусундагы «Новая почта» терминалын түн ичинде ракета менен аткылаганын билдирди.

2054182
Украина түндө Орусиянын чабуулдарынан  6 адам каза болгонун билдирди

Орусиянын Украинанын Харьков аймагындагы почта терминалына түндө ракета менен кол салуусунан 6 киши каза болуп, 14 киши жараланды.

Харьков облусунун Аскердик башкармалыгынын башчысы Олег Синегубов социалдык тармактагы баракчасына жасаган билдирүүсүндө орус армиясынын Харьков облусундагы «Новая почта» терминалын түн ичинде ракета менен аткылаганын билдирди.

Кол салууда 6 кишинин каза болгонун, 14 кишинин жараланып ооруканага жаткырылганын белгилеген Синегубов, жаралангандардын арасында абалы оор болгондорго бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө почта терминалы жөнөкөй жарандык объект экенин жана Орусияга кысымды күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Зеленский: «Биз күн сайын орусиялык терроризмге фронтто жетишилген натыйжалар менен жооп беришибиз керек. Террорчулукка каршы күрөштө дүйнөнүн биримдигин мындан ары дагы чыңдашыбыз керек жана муну жасап жатабыз. Орусия террор жана адам өлтүрүү аркылуу эч нерсеге жете албайт. Бардык террористтердин бир гана аягы, кылгандары үчүн жазаланышы керек»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар