Япониядан эки мамлекеттүү чечимге басым жасалды

Камикава Египетте мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусунда Газадагы абал талкууланган «Каир тынчтык саммитинде» сөз сүйлөдү.

2054140
Япониядан эки мамлекеттүү чечимге басым жасалды

Япониянын тышкы иштер министри Камикава Йоко Палестина-Израиль кризисинде «эки мамлекеттүү чечимди» колдоону улантып жаткандарын билдирдирип:«Япониянын Палестинага болгон милдеттенмеси эч качан өзгөрбөйт»,-деди.

Камикава Египетте мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусунда Газадагы абал талкууланган «Каир тынчтык саммитинде» сөз сүйлөдү.

Кризистин эки тарабы болгон Палестина жана Израиль, ошондой эле аймактагы негизги элементтер катары мүнөздөгөн «Араб мамлекеттери жана Иран» менен тыгыз консультацияларды улантышарын белгилеген Камикава: «Тез арада маселе, өзгөчө азыр, гуманитардык жардамдын үзгүлтүккө учурашын минималдаштыруу болуп саналат. Газадагы 1 миллиондон ашык бейкүнөө адамдар өтө оор абалда»,-деди.

Камикава: «Биз азыр күбө болуп жаткан трагедияга Жакынкы Чыгыштагы тынчтык мүмкүнчүлүктөр терезесин жабууга жол бербешибиз керек. Биз бул көйгөйдү диалог аркылуу гана чече алабыз»,-деп айтты.

Жапон өкмөтүнүн жума ичинде Газа тилкесине 10 миллион долларлык чукул гуманитардык жардамды максат кылганын жарыялаганын эске салган Камикава: «Бул жардамдын биринчи кадамы. Биз калган жардамды жеринде муктаждыктарга карап баалап жатабыз», - деди.

Камикава өлкөсүнүн аймактагы «эки мамлекеттүү чечимди» колдоону улантып жаткандарын баса белгилеп: «Япония Палестинанын ондогон жылдар бою тынчтык жараянынын негизи болуп келген «ишенимдүүлүктү жана экономикалык өзүн-өзү камсыздоону» колдойт. Жапониянын Палестинага болгон милдеттенмеси эч качан өзгөрбөйт», - деп айтты.

Жапон министри Каирге болгон сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жана Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен өз-өзүнчө жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.



Тектеш кабарлар