Украина менен Россиянын ортосундагы абалдар

Орус күчтөрү Авдиевка шаарын курчоого алып колго алууга аракет кылса, украиналык аскерлер буга уруксат бербеш үчүн катуу кол салууларын улантууда.

2054025
Украина менен Россиянын ортосундагы абалдар

Украина армиясы Донецк аймагында Авдиевка багытында орус позицияларын көп стволдуу ракета аткыч системалары менен аткылап, кол салууларын улантууда. 

Россиянын  2022 -  жыл  24 -  февралда Украинага карата баштаткан согуш улантылып, Донецк аймагында орус жана Украина армияларынын ортосунда катуу кагылышуулар болууда. 

Орус күчтөрү Авдиевка шаарын курчоого алып колго алууга аракет кылса, украиналык аскерлер буга уруксат бербеш үчүн катуу кол салууларын улантууда. 

Авдиевка багытында кыймыл кылып жаткан Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 59 - мотоаткычтар бригадасынын реактивдүү артиллериялык топтору да фронтто согушуп жаткан жоокерлерге колдоо көрсөтүүдө.

Сөзү болуп жаткан топтор армиядагы чалыгындоодон келген координаттарга карата орус күчтөрүнүн позицияларына "Град" көп стволдуу ракета аткычтар менен ок атууда. 

 



Тектеш кабарлар