Жакынкы Чыгыштагы абалдар

Остиндин маектештери менен өткөргөн телефон сүйлөшүүлөрүндө АКШнын бул өлкөлөр менен коопсуздук өнөктөштүгү жана Жакынкы Чыгыштагы абалдарды талкуулаганы белгиленди.

2053691
Жакынкы Чыгыштагы абалдар

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остиндин Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Тани, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян жана Сауд Арабиянын коргоо министри Халид бин Салман менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланды.

АКШнын Коргоо министрлигинен (Пентагон) жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Остиндин маектештери менен өткөргөн телефон сүйлөшүүлөрүндө АКШнын бул өлкөлөр менен коопсуздук өнөктөштүгү жана Жакынкы Чыгыштагы абалдарды талкуулаганы белгиленди.

Билдирүүдө Остиндин Катардын эмири шейх Аль Тани, БАЭнин президенти Аль Нахайян жана Сауд Арабиянын коргоо министри бин Салман менен сүйлөшүүлөрүндө, АКШнын аймактагы коргонуу кызматташтыгына бекемдигин жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн чечкиндүүлүгүн баса белгилегени айтылды.

Ошондой эле билдирүүдө Остиндин саудиялык кесиптешине Йеменде уланып жаткан согушту токтотууга кеңеш бергени жана экөөнүн түздөн-түз жана улуттук коопсуздук топтору аркылуу тыгыз байланышта болууну макулдашканы кабарланды. 



Тектеш кабарлар