Израиль кол салуусунун 14 - күнүндө бир мечит менен бир чиркөөнү бутага алды

Газадагы ички иштер министрлигинин Телеграм эсебинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жебелие аймагында бутага алган аль  -  Өмери мечитинин толугу менен кыйрагандыгы белгиленди.

2053569
Израиль кол салуусунун  14 -  күнүндө бир мечит менен бир чиркөөнү бутага алды

Израиль Газа тилкесине карата  14 -  күнүнө кирген кол салууларда мечит жана чиркөөнү бутага алды. 

Газадагы ички иштер министрлигинин Телеграм эсебинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жебелие аймагында бутага алган аль  -  Өмери мечитинин толугу менен кыйрагандыгы белгиленди. 

Билдирүүдө кол салууда каза болгон же жаралангандардын болуп е болбогондугу тууралуу маалымат берилген жок. 

Министрлик Израилдин Газада жер которгон жүздөгөн палестиналыктын баш калкалаган Ыйык Порфирий рум православ чиркөөсүн да бутага алганын жарыялады.

Палестинанын расмий агенттиги WAFA кол салууда кеминде 8 кишинин, анын ичинде балдар жана аялдардын каза болгонун жана ондогон кишинин жараланганын билдирди. Каза болгон жана жаралангандардын азыр да  урандылардын астында экени, куткаруу жана тез жардам топторунун аларга жетүүгө аракет кылганы белгиленди.

Кол салууда тарыхый чиркөөгө олуттуу зыян келтирилип,  чиркөөгө жакын жайгашкан имарат да талкаланды.

Палестинанын президенттигине караштуу Чиркөө иштери боюнча жогорку комитеттин төрагасы Рамзи Хури Израилдин Газа тилкесиндегилерге каршы «геноцид» планын ишке ашырып жаткандыгын айтты.

Хури жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Израилдин Газадагы тарыхый Ыйык Порфирий рум православ чиркөөсүн бутага алышы согуш кылмышы болуп саналат. 500гө жакын палестиналык, мусулмандар жана христиандар баш калкалаган чиркөөнүн бутага алынышы Израилдин баскынчылыгынын негизги бутасы балдар, аялдар жана карылар менен коргоосуз адамдар экендигин тастыктады",- деди. 

Комитет Тарыхый Ыйык Порфирий рум православ чиркөөсү дүйнөдөгү эң байыркы үчүнчү чиркөө экенин жана анын баштапкы курулушу 425 - жылга таандык экенин билдирди.

Иерусалимдин рум православ  патриархаты Израилдин Газа тилкесинде жер которгон адамдар баш калкалаган тарыхый чиркөөгө кол салышын айыптады.

Израиль армиясы Газа тилкесинде жарандар жашаган 6 үйгө абадан кол салуу жасады.

Газадагы Ички иштер министрлиги Хан Юнус шаарында  жарандар  жашаган 6 үйгө абадан жасалган кол салууларда 9 кишинин каза болгонун, 60 кишинин жараландыгын билдирди.

Палестинанын кабар агенттиги WAFA кол салууда көбү балдар жана аялдар болгон кеминде 21 кишинин каза болгонун, 79 кишинин жараланганын билдирди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7 - октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракета атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген. 

Израиль армиясы да аскердик учактар менен Газа тилкесине "Темир кылычтар" аттуу операция баштагандыгын жарыялаган. 

Израилдин кол салуусунда 3 миң 700дөн ашуун палестиналык каза болуп,  12 миңдан ашуун палестиналык да жаракат алды. 

 



Тектеш кабарлар