Газага кол салуулардын 13-күнү...

Израиль армиясы түнү бою Газа тилкесинин ар кайсы жерлерин абадан бомбалоону улантып, 3 миңден ашуун киши каза болуп, 13 миңге жакын киши жараланды.

2052962
Газага кол салуулардын 13-күнү...
gazze.jpg
gazze saldiri.jpg

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан 1524ү балдар болгон 3785 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине кол салууларынан 1524ү бала болгон 3 миң 785 кишинин каза болгону, 12 миң кишинин жаракат алганы белгиленди.

Израиль соңку 24 сааттын ичинде гана Газа тилкесинде 678 палестиналыкты өлтүрдү.

Палестинанын Улуттук коопсуздук күчтөрүнүн командири Жихад Мухайсендин да абадан кол салууда каза болгондугу анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн да каза болгондор бар экени жарыяланды.

Израиль блокададагы Газа тилкесиндеги дагы бир наабайканага сокку урду. Жардыруудан 20 адам каза болуп, меш жараксыз абалга келди.

Израиль мурдараак Нусейрат качкындар лагериндеги наабайкананы бутага алган болчу.

Газадагы өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей,  алдында узун кезектер турган  нан бышыруучу жайларды жана алардын тегерегин Израиль атайылап атты.

Билдирүүдө «Израиль кылмыш жасоодо кызыл сызыгы жок» жана наабайканаларды бутага алуу менен «Газадагы гуманитардык абалды дагы да начарлатууну» максат кылганы билдирилип, эл аралык коомчулукту чечкиндүү позицияны карманууга жана Израилди токтотууга тез арада кийлигишүүгө чакырды. 

Израил армиясы 7-октябрда башталган согуштун 13-күнүндө түнү бою Газа тилкесинин ар кайсы жерлерин бомбалоону улантты.

Газанын Хан Юнус шаарына кол салуусунан улам аймактагы имараттар жараксыз абалга келди. Жарандык коргонуу топтору жана жергиликтүү тургундар издөө-куткаруу иштерин баштады.

Израилдик согуштук учактардын Газада бир топ жер менен бирге үйлөрүн таштаган качкандар баш калкалаган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Палестиналык качкындарга жардам агенттигине (UNRWA) таандык мектепке да сокку урду.

Израиль армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүктөрүндөгү Нусейрат качкындар лагериндеги Акса шейиттери мечитин да бутага алды. Кол салууда каза болгондор жана жарадар болгондор бар экени айтылууда.

Мечитте Израилдин кол салууларынан качкан көптөгөн үй-бүлөлөр болгон. Кол салуу аймакта кеңири кыйроолорго алып келди.

Медициналык топтордун жаралууларды айланадагы үйлөргө жеткирүүгө аракет кылганы белгиленди.

Бир тараптан Израиль армиясы палестиналык топтор менен кагылышуу башталган 7-октябрдан бери шейит болгон аскеринин санынын 306га жеткенин жарыялады.

Армия 203 израилдиктин Газа тилкесинде Хамас тарабынан кармалып турганы аныкталганын да жарыялады.

Израиль армиясы Ливан чек арасындагы Хизбуллахтын буталарына сокку урганын билдирди.

Армиянын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө кечээ Ливандан чек аранын Израиль тарабына ок атылганы белгиленди.

Бул ок атууларга жооп иретинде Израиль армиясынын Хизбуллахтын позицияларына сокку ургандыгы жана буталардын арасында Хизбуллахтын байкоочу пунктунун болгону белгиленди.

Ливандагы «Хизбуллах» дагы эки мүчөсү Израиль менен кагылышта каза болгонун жарыялады.

Хизбуллах Израиль чек арасындагы Аль-Маликия аскердик пунктуна да ракеталар жана аткыч куралдар менен чабуул жасалганын билдирди.

Израиль кол салууга артиллериялык аткылоо менен жооп бергенде, окуяда каза болгондордун жана жаралангандардын болбогону жарыяланды.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN армиянын Газа тилкесиндеги кургактык операциясына даярдыктарын аяктаганын билдирди.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун басма сөз катчысы Офир Гендельман Египет аркылуу блокададагы Газа тилкесине гуманитардык жардамдын «жакында башталаарын» жарыялады, бирок так датасын айткан жок.

Израилдин «Египет аркылуу Газага жардамдын келишине каршы эместигин» жактаган Гендельман «жардамдын Хамас тарабынан каракталбай тургандыгына ынандырууну» каалагандарын айтты.

Кассам бригадалары 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулду баштаганын жарыялаган.

Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Кагылышуунун күчөшүнөн улам эки тараптан тең миңдеген адамдар курман болушту.

 



Тектеш кабарлар