Байден - Сиси телефон сүйлөшүүсү

АКШнын президенти Байден да журналисттерге сүйлөшүү тууралуу маалымат берди.

2052913
Байден  -  Сиси телефон сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден Египеттин президенти Абдел Фаттах ес  - Сиси менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ак үйдөн сүйлөшүү тууралуу берилген маалыматта  эки лидердин Газага гуманитардык жардамдын ырааттуу түрдө жеткирилиши боюнча макулдашкандары белгиленди.

АКШнын президенти Байден да журналисттерге сүйлөшүү тууралуу маалымат берди.

Египеттин президенти Сисинин газага гуманитардык жардам үчүн Рефах чек ара капкасын ачууну кабыл алгандыгын айткан Байден гуманитардык жардам ташыган 20га жакын жүк ташуучу унаанын аймакка жиберилерин белгиледи. 

17 - октябрда Израиль Газанын борборундагы Аль-Ахли баптист ооруканасын бомбалап, кыргында 471 жаран каза болгон.

Израилдин 7-октябрда баштаган кол салууларында 3 миңден ашуун палестиналык каза болду. 12 миң 500дөн ашуун адам жаракат алган.

 

 



Тектеш кабарлар