Жо Байден Газадагы оорукана кол салуусунда каза болгондор үчүн көңүл айтты

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да социалдык медиа эсебинен билдирүү жарыялап, Газадагы Аль - Ахли баптист ооруканасында болгон «жардыруу үчүн кайгыргандыгын" айтты.

2052533
Жо Байден Газадагы оорукана кол салуусунда каза болгондор үчүн көңүл айтты

Бүгүн барган Израилден кийин жасай турган Иордания сапарын кечеңдеткен АКШнын президенти Жо Байден Газадагы оорукана кол салуусунда каза болгондор үчүн көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин  каалады. 

Ак үйдөн берилген маалыматта Байдендин Иорданиянын королу  2 -  Абдуллах менен сүйлөшкөндөн кийин жана Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын Израилдин Газадагы оорукана кол салуусу  боюнча аза күтүү жарыялоосу менен Иордания сапарын кечеңдеткендиги билдирилди. 

"Президент (Байден)  Газадагы оорукана жарылуусунда каза болгон күнөөсүз адамдар үчүн көңүл айтты, жаралуулардын да бат айыгып кетишин каалады",- деп айтылган билдирүүдө Байдендин Иордания, Палестина жана Египеттин лидерлери менен  бетме  - бет  сүйлөшүүнү чыдамсыздык менен күткөндүгү жана бул процессте лидерлер менен  түздөн түз байланышта болору белгиленди. 

Израилге барган Байдендин андан кийин  Иорданияга барып Король  2 -  Абдуллах, Египеттин президенти Абдулфеттах ес  -  Сиси жана Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен  жолугушары билдирилген.

Жо Байдендин катышуусу күтүлгөн төрт тараптуу саммит үчүн  Амманга барган Палестинанын мамлекет башчысы Аббастын Израилдин Газадагы ооруканага кол салуусунан кийин Рамаллага кайтуу чечимин чыгарганы жарыяланган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да социалдык медиа эсебинен билдирүү жарыялап, Газадагы Аль - Ахли баптист ооруканасында болгон «жардыруу үчүн кайгыргандыгын" айтты.

АКШнын жарандык жашоону коргоону жактаганын белгилеген Блинкен  билдирүүсүндө : «Бардык израилдик жана палестиналык жарандар коргоого алынышы керек»,-деди. 

Израилдин Газадагы Аль - Ахли  баптис  ооруканасын  бомаблоосу менен  500 киши каза болгон. 

Палестинанын мамлекет башчысы Аббас кол салуудан улам  3 күн аза күтүү жарыялады. 

 



Тектеш кабарлар