Махмуд Аббас ооруканага жасалган кол салууну "коркунучтуу кылмыш" деп мүнөздөдү

Палестинанын расмий телекөрсөтүү каналдарында сөз сүйлөгөн Аббас оорукана кол салуусунан кийин Иордания сапарын жарым калтырып өлкөсүнө кайткандыгын айтты.

2052420
Махмуд Аббас  ооруканага жасалган кол салууну "коркунучтуу кылмыш" деп мүнөздөдү

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Газадагы Аль Ахли баптис ооруканасына жасалган кол салууну "коркунучтуу кылмыш" деп мүнөздөп  "оккупация өкмөтүнүн бардык кызыл сызыктарды" ашкандыгын айтты.

Палестинанын расмий телекөрсөтүү каналдарында сөз сүйлөгөн Аббас ооруканага жасалган кол салуудан кийин Иордания сапарын жарым калтырып өлкөсүнө кайткандыгын айтты. 

Кол салуунун палестиналыктарга таандык экендиги тууралуу Израилдин айткандарын жалганга чыгарган Аббас : "Газадагы баптис  ооруканасына жасалган кол салуу Израиль тарабынан жасалды. Бул кечирилбей турган бир кылмыш. Оккупация өкмөтү бардык кызыл сызыктарды ашты. Ушундан улам жазаландыруу жана сурактан качууларына уруксат бербейбиз", деди. 

Окуя боюнча Египет жана Иордания менен сүйлөшкөнүн белгилеген Аббас Амманда Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байдендин да  катышуусу пландалган төрт тараптуу саммитти токтоткондугун билдирди. 

Аббас : "Израилдин жоопко тартылышын жана элибиздин эл аралык коргоо астында болушун каалайм. Бул кол салуулар, элибизге каршы жасалган бул кылмыштар токтошу керек. 21 -  кылымда  экинчи бир Накбанын   болушуна жол бербейбиз. Кан төгүүнү токтотуу үчүн баарын жасайбыз»,- деп сөзүн улантты. 

Аббас : "Элибиз эл аралык коргоо астында болсун деп ондогон чечимдерди чыгарышты, бирок аларды ишке ашырышкан жок. Анткени Америка булардын аткарылышын каалабады",-деди.

Палестина калкынын дагы бир жолу жер которбой турганын баса белгилеген Махмуд Аббас : «Палестина эли өз жеринде тик турат, биз жерибизден  кетпейбиз»,-деди.

Аббас БУУнун Коопсуздук Кеңешинен да жоопкерчилигин аткаруусун, "кыргынды айыптоосун жана согушту токтотуусун" талап кылды. 

Израилдин Газадагы Аль  Ахли баптис ооруканасына кол салуусунун натыйжасында  500 кишинин каза болгондугун билдирген.

 



Тектеш кабарлар